7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Маалыматтык коопсуздук борборунун жаңы имараты ачылды

259

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Маалыматтык коопсуздук борбору» мамлекеттик мекемесинин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдириди.

Иш-чарага катышкан УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков бул борборду түзүү – заманбап глобалдык чакырыктарга жооп экенин белгиледи. Анын айтымында, долбоор өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн коргоонун жана санариптик экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн негизин түзөт.

Борбордун негизги милдеттери:

  • мамлекеттик сектор үчүн менчик программалык жана аппараттык чечимдерди түзүү, аларды сертификациялоо;
  • санариптик чөйрөдө киберкоркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу жана маалыматтарды коргоо үчүн алдыңкы технологиялык инструменттерди иштеп чыгуу.
  • коопсуздук тармагында жогорку квалификациялуу IT-адистерди даярдоо, экспертиза жүргүзүү жана мекемелердин аракеттерин координациялоо.

Жаңы имарат заманбап сервердик жана аналитикалык жабдуулар менен толук камсыздалган. Түзүлгөн шарттар киберчабуулдарга натыйжалуу каршы турууга жана республиканын маанилүү санариптик кызматтарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

260