7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Өзгөн райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду

738

Бүгүн, 19-ноябрда УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын Өзгөн райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, курулган имаратта кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар толук камсыздалган. Иштөө шарттары да талапка жооп берет.

Жаңы имараттын ачылышына  министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары, ардагерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Ачылышта Ташиев сүйлөп, зарыл болгон учурларга токтолду. Анын ичинде, өлкөдө жүрүп жаткан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү жана мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы баса белгиленди.

Белгилей кетсек, алдыда дагы атайын кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын жаңылоо, чыңдоо иштери улантылаары айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

739