Жалал-Абадда күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-ноябрдан тарта, Жалал-Абад шаарындагы “Бакыт” ден-соолукту калыбына келтирүү борборунда күндүзгү стационар иштеп баштады. Анда дене табы көтөрүлүп, сасык тумоого чалдыккан 14 жашка чейинки балдарга медициналык жардам көрсөтүлөт.
Стационар таңкы саат 8:00дөн, кечки саат 20:00гө чейин дем алышсыз иш алып барат.
Учурда аталган жайда 40 орун даярдалып, дарыгерлер эки нөөмөт менен иштеп жатат.