7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров жана Роман Головченко эки тараптуу мамилени өнүктүрүүнү талкуулады

496

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу иретинде Ереван шаарына жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактардагы кыргыз-белорус мамилелерин өнүктүрүүнү талкуулады.

Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы биздин өлкөлөр ортосундагы кеңири багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар. Атап айтканда, коммуналдык жана айыл чарба техникасын жеткирүү боюнча, ошондой эле өнөр жай кооперациясы тармагында кызматташууга кызыкдар.

«Биз Бишкек шаарын белорус автобустары менен камсыздоого кызыкдарбыз. Жакында Бишкек мэри Минск шаарында болду жана биз ага автобустарды алууга келишим түзүү укугун бердик. Биз белорус продукциясынын сапаттуулугун билебиз», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Акылбек Жапаровду министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки өлкө ортосунда биргелешкен өндүрүштүк долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын, жакында Ош шаарында ачылган трансформаторлордун өндүрүшүн белгиледи.

Белорус тарап кеңири чөйрөдөгү, анын ичинде энергетикалык тармак үчүн түзүлүштөрдү чыгарууга байланыштуу долбоорлоорду ишке берүүгө даярдыгын билдирди.

Роман Головченко билдиргендей, КРнын жарандары үчүн Беларусь Республикасынын алдыңкы ЖОЖдорунда окутуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча гранттык орундар сунушталган.

Тараптар жакынкы мезгилде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Министрлер Кабинетинин башчысы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана Беларусь Республикасынын Премьер-министрине биздин өлкөгө сапар менен келип кетүүнү сунуштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

497