7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсаловдун Лондондогу «сүргүндөн» бийликке келүүсүнүн себеби эмнеде?

700

Эдил Байсалов Англияга элчи болуп дайындалганда, коомчулук аны «сүргүнгө айдалды, эми оозун жаап Европада жатат» дешти эле. Дегенче болбой жаңы түзүлгөн Министрлер кабинетиндеги орчундуу орунду ээлеп, Кыргызстанга кайтып келди. Негизи сүргүнгө эмес, миллиардер мекендеген, Лондон деген бейишке кетти эле. Байсалов ал жакта жыргап- куунап жашай берсе болмок. Мына ошондой жанына жайлуу жерден баш тартып, кыйналып турган мекенине кызмат кылууга кайтып келгени, чет жактарда жылуу-жумшак
жашап жүргөн эр-азаматтарыбызга үлгү болчу кадам.

Министрлер кабинетинин орун басары кызматына дайындалганына бир күн болбой жатып, кыргыз саясатында 30 жылдан бери калыптанып калган системага баш ийбей турганын, учурдагы өкмөт жаңыча иш алып барарын ачык айтты эле, айрым саясий лөктөр аз жерден «инфарк» болуп кала жаздады.

Байсаловдун айтымында, учурдагы өкмөттүн курамы, президенттин жана Министрлер кабинетинин саясатын колдогон эл өкүлдөрү менен гана кызматташат, ал эми каршы чыккан депутаттарга кылы кыйшайбайт. Муну уккан оппозиция чалкасынан кетип, Байсаловду жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чабышууда. Негизи Байсаловдун айтканы Кыргызстандын саясий айдыңында 30 жылдан бери жашап келе жаткан көнүмүш система болчу. Болгону бул туурасында бир дагы саясий күчтөр жана  алардын лидерлери ачык айта алышкан эмес. Алыс барбай эле, кечээ жакында бийликтен кеткен Атамбаевдин заманында, Жогорку Кеңеш анын ар бир кызыкчылыгын колдоп берип турганын ким тана алат.  Жээнбековдун саясий оппоненттерди жок кылуу саясатын да ийгиликтүү ишке ашырып берген — ушул Жогорку Кеңеш. Андан кийин Жээнбековдүн өзүн да саясий өлүккө айландырган, мына ушул Жогорку Кеңеш болчу. 30 жыл бою көмүскөдө президенттин кулу болуп келген Жогорку Кеңешти бүгүн коргоп калуу аракетин көрүп жаткан айрым саясатчылар, бейөкмөт уюмдар парламентаризмди жамынып, Кыргызстанды каалагандай калчап, тымызын  байып алышканы жашообуздун ачуу чындыгы экенин баарыбыз жакшы билебиз. Жоопкерчиликти моюнга алган учурдагы президенттик башкаруу формасы, парламенттик башкарууну өз кызыкчылыгына колдонгондорго жакпай жатканы да ошондон болсо керек. Ал эми Эдил Байсаловдун жалгыз күнөөсү жогорудагы айтылган парламентаризмдин кемчиликтерин ачык айтып салганында. Чынында биздин өлкөдө эл өкүлү-саясий сойкуга айланып, өз кызыкчылыктары үчүн элди да сатуудан коркпой калышкан, бул факт.

Эдил Байсаловдун мени ынандырган дагы бир көз карашы бар. Кечээ жакында ММКнын бирине  кеңири маек куруп, анда бардык ири демократиялык өлкөлөрдө социалдык тармактардагы сынга басым жасоо жаман көрүнүш деп эсептелерин билдирди.

Бул жагынан Байсалов менен макул болбой коюу кыйын. Кыргызстанда социалдык тармактар эбак эле ыплас саясий күрөштүн куралына айланганын оппозициялык ишмердүүлүктө тажрыйбасы бар адам катары ал жакшы билсе керек. Азыр ким кааласа интернет аркылуу өлкөдө болуп жаткан окуяларга таасирин тийгизип, бийликке кийлигише алат. Сотторго, прокуратурага, башка укук коргоо органдарына кысым көрсөтүүгө, саясий оппоненттерге, аткаминерлерге, коомдук ишмерлерге жалаа жабуу аракеттери ийгиликтүү ишке ашып  келет. Социалдык тармактардагы фейк, троллдордун армиясы түзүлүп, бул ресурстун аркасында өз кызыкчылыктарын абдан эффективдүү алдыга жылдырган саясатчылар да жок эмес.

Байсаловдун дагы бир тайманбастык менен жасаган  саясий чабуулу, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү. Ал белгилегендей, бейөкмөт уюмдар мыйзам долбоорлорун талкуулоого жана экспертизалоого активдүү катышпайт, бирок алар керек. Байсалов ошондой эле бейөкмөт уюмдардын каржысын жергиликтүү мамлекеттик органдар көзөмөлгө алышы керектигин баса белгиледи.

Бейөкмөт уюмдардын ишине даттануулар бүгүн эле пайда боло калган жери жок. Кыргызстанда 15 миңге жакын ар түрдүү бейөкмөт уюмдар кайдан, ким тарабынан каржыланып жатканы ушул күнгө чейин белгисиз болуп келет. Ондогон жылдар бою батыш өлкөлөрүнөн келген гранттарды пайдаланып келген бейөкмөт уюмдардын лидерлери  олигархтарга айланып кеткенин коомчулук жакшы билет. Болгондо да алар биздин коомго батышчыл идеяларды жана алардын баалуулуктарын таңуулаган саясатты ишке ашырып жаткандыгы  үчүн  байлыкка ээ болушкан. Демек бейөкмөт уюмдар батыштан келип жаткан каржы булактарын Кыргызстанда кандай максаттарга колдонуп жатканын ачыктоо замандын талабы болуп турат.

Дагы бир кошумчалай кетчү жагдай, кечээ эле өкмөттүн курамына киргенине карабай Эдил Байсалов оппозициялык маанайдагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен коомдук  талкууга чыгуудан да корккон жок. Текебаев өкмөттүн ишинин процедуралык маселелери боюнча президентке бир катар сын-пикирлерин айтты эле, ага жооп катары Байсалов Текебаевдин өзүн катуу сынга алды. А түгүл, ал эл өкүлү болуп турганда бийлигин мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонбостон, өмүр бою популизм менен гана алек болгонун саясатчыга эскертти.

Байсалов бүгүн шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткандыгына карабай эң көп талкууга түшкөн саясий фигурага айланды. Анткени, ал оппозиционерлер менен көп жылдар бою тыгыз иштешкен, алардын ички ашканасын жакшы билген  инсан катары бийликтин оппоненттерин атайылап провокация кылып, оппозициянын талуу жеринен кармап, чычаладай чыңыртууда. Өкмөттүн мүчөсү катары саясий талкуулардын чыңалуусун азайтууга аракет кылбай, тескерисинче алардын градусун көтөрүүдө. Бул кадамдар учурдагы бийликтин, оппозициянын да коомчулук алдында ачык болушуна шарт түзүп берүүдө десем жаңылышпайм.

Булак: Чагылган

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

701