Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Уран Ахметовдун ордуна Рустам Асизбаев дайындалды. Бул тууралуу институттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал бул кызматка 4-ноябрда дайындалган.
Р. Асизбаев 1966-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. Улуту кыргыз.
Уран Ахметов премьер-министр У.Мариповдун буйругу менен 2021-жылдын 23-мартында бул кызматка дайындалган.