Токмокто тогуз кабаттуу имараттан өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жаран бүгүн, 19-ноябрда Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан толук курулуп бүтө элек тогуз кабаттуу имараттан боюн таштоого аракет кылган.
Беш куткаруучу тартылып, саат 15:13тө жерине жетишип, милиция кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында саат 15:30дар чамасында боюн таштайм деген жаран түшүрүлүп, милиция жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.