Базар-Коргондо 28-ноябрда өтө турган шайлоого карата өткөрүлгөн рейд учурунда 2 даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, район аймагында жүргүзүлгөн “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш чарасынын алкагында милициянын профилактикалык каттоосунда турган, мурда соттолгон 43 адам, чыр-чатак көп катталган 25 үй-бүлө текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле милициянын участкалык инспекторлору өздөрү тейлеген аймактарда жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 2 даана ок атуучу курал алынган.
Мындан сырткары Базар-Коргон РИИБи тарабынан 3 күндүк «Укук тартип» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара негизинен калк арасындагы кылмыштуулукка бөгөт коюу, жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталды. Рейддин алдында өздүк курамга саптык кароо өткөрүлүп, жарандар менен сылык мамиледе болуу керектиги эскертилди.
Иш-чара учурунда милиция тарабынан паспорттук эреже боюнча 363 кожолуктан турган 1812 адам жана 185 мергенчиликти сүйүүчүлөр текшерилди. Ар түрдүү укук жана тартип бузган 42 адамга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулду.
Мындан сырткары милициянын көчмө кабылдама унаасы менен кызматкерлер эл аралашып, улуттар аралык араздашуулардын, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, мал уурулуктарынын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.