7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгына жаңы имарат курулуп баштады

659
Бүгүн, 11-июль күнү УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу турак-жай курулушу башталды.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев үйдүн пайдубалына капсула салды.
Турак-жай комплекси 205 батир, балдар бакчасы, унаа токтоочу жайы жана чакан сейил багын камтыйт.  Курулуш толугу менен шериктеш тараптардын каржылоосу менен жүргүзүлүп жатканын УКМК төрагасы, бүгүнкү иш чарада билдирди.
Ташиев ошону менен бирге, бул көп кабаттуу үйдөн жергиликтүү калк арасындагы үйгө муктаж жарандар үчүн да 10 батир бөлүнүп берилээрин айтты.
Эске салсак буга чейин УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн турак-жай курулган эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660