Бүгүн, 11-июлда, саат 13:00гө карата шайлоого байланыштуу жалпы 40 маалымат келип түштү. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов билдирди.
Маалыматка ылайык Бишкектен 32, Оштон 2, Токмоктон 6 маалымат келген.
“40тын ичинен алтоо кылмыш, экөө жорук катары катталды. Кылмыш иштери Бишкек шаарында аныкталган. Калганы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө”, — дейт ал.
Ал эми 10-июлга чейин 59 арыз түшкөн, анын ичинен Бишкекте 18, Ошто 19, Токмокто 22 факты катталган.
“Алардын ичинен 23ү кылмыш, 9у жорук. Ошондой эле Ош шаарында 6 адамга шектүү катары кабарлама берилди. Анын үчөө талапкер болсо, үчөө партиянын өкүлү. Бишкекте дагы партиянын эки өкүлүнө кабарлама берилди”, — деди Макилов.
Эскерте кетсек, бүгүн, 11-июлда, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо жүрүүдө.