Бүгүн, 11-апрель Бишкек, Ош, Токмок шаарларында жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен бирге Бишкек шаарынын №40 орто мектебинин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда добуш берди.
Бул тууралуу төрага өздүк баракчасынан кабарлады.
«Республиканын ар бир жараны өзүнүн добуш берүү укугун пайдалануу менен социалдык жоопкерчиликти, саясий жана укуктук жактан жетилгендигин көрсөтүүсү зарыл»,- деп жазат.