7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын жалган кызматкери кармалды

321

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тийиштүү иш-чаралардын  алкагында жасалма кызматтык күбөлүктү колдонуп, системалуу түрдө КР УКМК кызматкеримин деп өзүн тааныштырып, укукка каршы жосундарды жасап жаткан КР жараны А.М.М. аныкталды.

Ошону менен бирге, КР УКМКнын дарегине Н.А.М. аттуу КР жараны арыз менен кайрылып, ар кандай шылтоолор менен  А.М.М. 500 миң сом акча каражатын опузалап алгандыгын билдирген.

Ошентип, 2025-жылдын 23-июнунда кайрадан эле жасалма документти колдонуп, өзүн УКМК кызматкери катары көрсөткөн А.М.М. аттуу жаран пара менен кармалып, өздүк тинтүү учурунда андан  КР УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөтү бар жасалма документи алынган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында А.М.М. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдар такталууда.

322