7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Жумгал райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

498

Бүгүн, 11-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Имаратты Камчыбек Ташиев салтанаттуу түрдө ачты. Ачылыш аземге, Нарын облусунун Жумгал районунун акими А.А.Набиев, башкармалыктын өздүк курамы, Аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган. Ташиев кызматкерлерди куттуктап, УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн тийиштүү шарттар түзүлө берерин белгиледи.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

499