7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Украинадан эвакуацияланган 72 кыргызстандык Бишкекке келди

705

11-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 22.45те Украинанын аймагынан Польшага киришкен 72 кыргызстандык жаран, алардын ичинде балдар, аялдар учуп келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эвакуациялык авиакаттамды КРнын Тышкы иштер министрлиги польша тарабы жана Украинанын аймагына чыккан жарандарды мекенине жөнөтүүгө жардам берүүчү «Фронтекс» чек ара кызматы боюнча Европалык агенттик менен биргеликте уюштурду.

Учурда Министрлик Польшадан Кыргызстандын жарандарын мекенине алып кетүү боюнча иштерди улантууда. Ошондой эле жакын арада Чехия Республикасынан каттам менен Кыргызстандыктарды эвакуациялоо иши Эл аралык миграция уюмунун Прагадагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен пландаштырылууда.

«Бүгүнкү күнү Украинада 86 Кыргыз Республикасынын жараны жайгашууда. Жарандардын саны улам өзгөрүүдө, ошондуктан тизме улам жаңыртылып, ар бир жаран менен байланышуу иштелүүдө»,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, жалпысынан Украинадан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо мезгилинен бери КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери 635 жаран коопсуз аймактарга чыгышына көмөк көрсөттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706