Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери кызмат учурунда 9 айлык наристени куткарып калышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Кызматкерлерге тогуз айлык наристенин апасы баласына медициналык жардам керектигин жана жеке унаалары менен жетүүдө кечигип калаарын айтып кайрылган.
Наристе үйдө ойноп жатып дасторкон үстүндө турган уксус аралашмасын ичип алган. Кызматкерлер баланы кыска убакыт ичинде медицина кызматкерлерине тапшырып берди.