7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Укук коргоо органдарынын ишине баа берүүдө ишкерлердин укуктарын коргоо эске алынат

18

Кыргызстанда укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн баалоо ыкмалары өзгөртүлүп, ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоо маанилүү критерийлердин бири болот.

Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдары мыйзамдуу ишкердикти коргогон негизги институттардын бири болууга тийиш экенин белгиледи. Анын айтымында, чарбалык ишмердүүлүккө негизсиз кийлигишүүгө, бизнес үчүн жасалма тоскоолдуктарды түзүүгө жана ишкерлерге мыйзамсыз басым көрсөтүүгө жол берилбеши керек.

Президент мамлекеттик органдардын иши мурда жасалган мыйзам бузууларга чара көрүү менен гана чектелбестен, укук бузуулардын алдын алууга жана ишкерлерге кызмат көрсөтүүгө багытталышы зарылдыгын айтты.

Ошол эле учурда ишкерлер да мыйзамды сактап, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга, татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана салык милдеттенмелерин ак ниет аткарууга милдеттүү.

Мамлекет башчысы жеке менчикти коргоонун жана ишкердикти колдоонун бирдиктүү концепциясын иштеп чыгууну тапшырды.

19