7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улан Айдаров көк-бөрү федерациясынын Башкы катчысы болуп дайындалды

139

Улан Айдаров көк-бөрү федерациясынын Башкы катчысы болуп дайындалды.

Айдаров Улан Жакыпбек уулу көк-бөрү федерациясынын Башкы катчысы болуп дайындалганы тууралуу буйрук менен федерация президенти Рамис Жунусалиев башкармалык мүчөлөрүнүн жыйынында тааныштырды.

Ал Улан Айдаров өз ишине так экендигин, ошондой эле көк-бөрүнүн өнүгүшүнө буга чейин салып кошуп келгендигинен улам ушундай чечимге токтолгонун кабарлады.

Айдаров Улан Жакыпбек уулу 1980-жылы 9-апрелде Бишкек шаарында туулган. Эки жогорку билимдүү, ошондой эле Кытай, Орусия, Индия, АКШ, Германия, Сингапур, Малайзия жана Грузия өлкөлөрүндө телекоммуникация багытында тажрыйба топтоп келген.

2018-2021 жылдар аралыганда Талас облусунун Көк бөрү федерациясына салым кошуп келген.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Рамис Жайлымышев ээлеп келген, 30-август күнү Жайлымышев федерациянын вице-президенти болуп шайлангандан кийин, Башкы катчылык орун ваканттык болуп келди.

140