7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улан Примов Улукбек Мариповго: Финансы полициянын келечегин кандай ойлойсуз?

301

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов тааныштырып жатат.

Депутат Улан Примов Финасы полициясынын тагдыры тууралуу сурады.

«Өкмөттүн курамынын санын кыскартып, кайталанган органдарды кыскартып жатасыздар. Анын баары туура. Мамлекеттик органдарга элдин ишеничи аз. Ал ишенимди кайтарыш үчүн убакыт керек. Ал убакыт сиздерде аз. Ишенимди кайтаруу боюнча ыкчам иш алып барышыңыз керек. Мен ага тилектешмин. Финансы полициянын келечегин кандай ойлойсуз?» — деп сурады депутат.

Улукбек Марипов: «Бүгүнкү күндө коомчулукта реформаны кандай талкууласа, Финансы полицияны дагы ошентип талкуулап жатышат. Текшерүүчү органдар Кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөрөбүз десек таразалайлы. Бул жерде мамлекеттин тагдыры жогору турат. Ар бир жетекчи каалоолорун өзүнчө отуруп сүйлөшүш керек. Финансы полиция ИИМге барбайт. Карап чыгабыз», — деди.

Примов: «Туура Финансы полициясы ИИМге кайтарылбаш керек. Финансы полиция Салык кызматынын алдында иш алып барышы шарт», — деди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

302