7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улан Сариев Жогорку Кеңештин депутаты болду

306

Борбордук шайлоо комиссиясы Улан Сариевди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Ал Бишкектеги №19 Сокулук шайлоо округунан шайланып, кийин мандатын тапшырган Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна келди.

Эске салсак, аталган округда 5 316 добуш менен экинчи болгон 34 жаштагы Эгембердиев 8-апрелде өз арызынын негизинде мандатынан ажыратылган. Учурда тергөө абагында жаткан, 4 767 добуш менен үчүнчү сапта турган Рамис Жунусалиев 10-апрелде талапкерлигин жокко чыгаруу боюнча арыз жазган. Аны декабрда УКМК алдамчылыкка шектүү деп кармаган.
307