7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Баткен облусун камсыздоону тапшырды

588

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, учурда аймактагы абал туруктуу деп бааланууда.

Премьер-министр билдиргендей, биринчи кезекте жергиликтүү калкка кам көрүп, аларды биринчи муктаждыктагы продуктулар, дары-дармектер жана гигиена каражаттары менен камсыздоо зарыл. Ал камсыздоо үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, Баткен облусунун тургундарына көмөк көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн «Баткенге көмөк» штабынын ишинин алкагында жакын арада Баткен облусуна гуманитардык жүктүн партиясы жөнөтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

589