7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов «Бишкек штамптоо заводунун» ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты

457

Премьер-министр Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Бишкек штамптоо заводу» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Премьер-министр кыдыруу учурунда ишкананын жетекчилиги жана жумушчулары менен жолугушуп, өндүрүш цехтерин, аскердик, ошондой эле спорттук-аңчылык багыттагы өндүрүмдөрдү чыгарууга арналган жабдуулардын абалын көрүп чыкты.

Өкмөт башчы мамлекет үчүн коргоо-өнөр жай ишканаларынын маанилүүлүгүн баса көрсөтүп, заводду калыбына келтирүү иштерин күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.

«Завод 500гө жакын адамды жумуш орду менен камсыздайт, өнөр жай дарамети толук ишке ашырылган эмес. Бирок завод иштеп жатканы кубандырат. Квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу, каржылык мүнөздөгү белгилүү бир маселелер бар, бирок натыйжалуу башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана заманбап мамиле кылуу менен заводду кайра калыбына келтирүүгө болот», — деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2021-жылдын 5нен 8-октябрына чейин Бишкек шаарында «Defindex-2021» Биринчи эл аралык аскердик-өнөр жай көргөзмөсү өтөт.

«Көргөзмө биздин өндүрүмдөрдү илгерилетүү жана жаңы келишимдерди түзүү үчүн мыкты ишкердик аянт гана болуп калбастан, мындан аркы иштер үчүн байланыштарды жөнгө салууга шарт түзөт», — деп жыйынтыктады Улукбек Марипов жана ал тийиштүү мамлекеттик органдарга кадрдык дараметти өркүндөтүүгө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүнү, ошондой эле каржы маселелерин чечүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

458