7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Изабель Дюранд менен жолугушту

668

Премьер-министр Улукбек Марипов БУУ Конференциясынын соода жана өнүктүрүү боюнча (ЮНКТАД) баш катчысынын милдетин аткаруучу Изабель Дюранд менен видеоконференцбайланыш режиминде жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде бажы процедураларын санариптештирүү Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

«Өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү жана соода, финансы, технологиялар, инвестициялар маселесин өнүктүрүү боюнча ЮНКТАДдын координациялык борбор катары ролун баса белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сиздердин уюм менен ар кыл багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ишеним билдирет. Бир катар өлкөлөрдөгү ASYCUDA тутумунун ийгиликтүү ишке ашырылышы аталган тутумдун республикабызда ишке киргизүү мүмкүндүгү, биринчи кезекте бажы процедураларын башкарууну жакшыртып, бюджеттин киреше бөлүгүнө жагымдуу таасирин тийгизет деп ишенебиз. Биз ASYCUDA тутумун пайдаланууга кызыкдар экенибизди билдиребиз жана ЮНКТАД менен мындан ары карай кызматташууга ниеттенүүдөбүз», — деди ал.

БУУ Конференциясынын соода жана өнүктүрүү боюнча баш катчысынын милдетин аткаруучу Изабель Дюранд өз кезегинде өз-ара кызыгууну пайда кылган бир катар багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

669