Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын районунда 2021-жылдын 23-март күнү саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 303-чакырымында (Кара-Үнкүр тилкеси) көлөмү болжол 40 м3 кар көчкү түшкөн, анын ичинен унаа жолго 15м3 кар көчкү жеткен, унаа жол жабылган эмес.
«Жабыркагандар жок. Тазалоо иштерине №41 ЖТИден 5 кызматкер тартылган. Тартылган күчтүн жардамында саат 18:30да унаа жол толугу менен тазаланып ачылган», — деп берилет маалыматта.