Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча маселелерди көтөрүп чыкты.
Анын айтымында, милиция кызматкерлери зомбулукка учураган аялды коргоонун ордуна «Бул сенин тагдырың, ал менен жараш», — деп коё берип жиберишет.
Депутат айым ИИМдин орун басары Мирлан Каниметовго кайрылып: «Биз профилактика боюнча көп айтабыз. А чынында ал биздин жашообузда жокко эсе. Мен ИИМге суроо бергим келип турат. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка, балдардын зордук-зомбулукка тушугуусунан чыгуу жолу барбы? Бул боюнча сиздердин сунушуңуздар барбы?», — деп суроо узатты.
Мирлан Каниметов: «Сиз туура маселени көтөрүп жатасыз. Биз бардык мамалекеттик органдар менен бирге иш алып барып жыйынтык чыгарууга аракет кылабыз», — деп жооп берди.
Бул жоопко канааттанбаган депутат зомбулукка учураган аялдарга милиция кызматкерлери чындыгында кандай колдоо көрсөтүшөрүн баса белгиледи.
«Сиздердин анык бир сунушуңуздар барбы? Мен буга чейин үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгон аял тууралуу айткам. Ал коргоо органдарынан жардам ала албагандыгы үчүн башкалардан жардам сурап жатат. Жергиликтүү өздүк башкаруу системасы бизде жок. Чындыгында жарандарды коргоо сиздердин милдетиңиздер. Мунун жообун сиздерчелик эч ким билбейт, жана эч ким чече албайт. Жабыркап жаткан аялга коргоо жолун түзүп бербестен милиция кызматкерлери: «Бул сенин тагдырың, ал менен элдеш», — деп айтып жатат. Бул коргоо органынын бере турчу жообу эмес. Эгер ал аялды балдарынын көз алдында кордоп жатса…», — деди ал.
Андан соң пандемия учурунда кордолгондордун саны көбөйгөнүн айтып: «Түшүнсөңүз, жергиликтүү башкармалыктар бул нерсени кыла алышпайт. Буга сиздер өзүңүздөрдүн кызматкерлериңиздер менен биргеликте иш алып барышыңыздар керек. Бул фактты кайталабоо үчүн заалым адамдар менен тушүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Мына ушул жетишпей жатат. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун бирден-бир профилактикалык жолу спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу. Карантин учурунда спирт ичимдиктерин ээн-эркин сатпоону киргизиш керек эле. Ушунун айынан канчалаган үй-бүлө, балдар кордук көрүштү. Бул дагы болсо натыйжалуу чечим болмок», — деп жыйынтыктады ал.