7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов мекендештерди Кыргызстандын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктады

638

Премьер-министр Улукбек Марипов мекендештерди Кыргызстандын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктады.

Өкмөт башчынын куттуктоо тексти:

«Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм.

Герб жана гимн менен катар мамлекеттик туу биздин өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн символдорунун бири болуп саналат.

Мамлекеттик туунун майрамы өзүндө патриоттуулуктун жана мекенге болгон чыныгы сүйүүнүн рухун камтып, маанилүү күндөрдүн календарында ардактуу орунду ээлеп калды.

Мамлекеттик туу – бул өлкөнүн ар бир жаранынын сыймыгы жана биздин спортчулар мелдештерде жеңишке жетип, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, биздин туу менен пьедесталга көтөрүлүп жаткандагы адамдардын сезимдерин жана эмоцияларын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Сиздерге чың ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалайбыз!»

639