7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Мариповдун алгачкы жарлыгын коомчулук кандай кабыл алды?

268

Бүгүн, премьер-министр Улукбек Марипов бир тууган инисин кызматтан алуу жарлыгына кол койду. Анын бул кадамдары социалдык тармактарда ар кандай пикирлерди жаратып, кызуу талкууланууда.

Буга чейин, айрым жарандар анын өкмөт башчылыгына талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыгын жактырышпай, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышкан.

Бүгүн, 4-февралда жарандардын бири: “Азыр бир тууган, бир тууган менен, атасы баласы менен мүлк талашып же жер талашып жүргөн заман. Улукбек Марипов бир тууган инисин акимдиктен алды. Ата -бала бири-бири үчүн жооп бербеген убакта жашап жатабыз. Туура кылды”, — деген пикирин калтырган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, Марипов Бакытбек Асамидинович Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

269