Кыргызстанда бүгүндөн тарта 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы банкноталар жүгүртүүгө киргизилди.
Маалым болгондой, бул кагаз акчалардагы Тоголок Молдо, Курманжан датка жана Токтогул Сатылгановдун сүрөттөрү алмашпайт. Банкноталардын негизги түсү, көлөмү жана Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдырган сюжетинин багыты өзгөрүүсүз калды. Алар заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлден турган комплексин камтыйт.