Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды.
Маалыматты Ички иштер министрлиги тастыктап, кеңири маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.
Айрым басылмалар Тургунбаев «Кыргызнефтегаздагы» коррупциялык иштерге байланыштуу суракка чакырылып, кийин камакка алынганын жазышууда.