7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банктын Төрагасынын орун басарлары ээлеген кызматтарынан бошотулду

235

Улуттук банктын Төрагасынын орун басарлары Манас Жакыпов жана Кайып Куленбеков ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келди, бул болсо экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизип, жарандардын жана ишкерлердин бакубаттуулугун начарлатты.

Экономикага таасир тийгизген терс факторлор бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлор тарабынан ишенимди жоготуу коркунучун жаратты. Кырдаалды талдоонун жана анын кесепеттерине баа берүүнүн жыйынтыгында Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Манас Жакыповду ишеним жоготкондугуна байланыштуу кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабагандыгы үчүн Улуттук банктын Төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыяланды.

Банк тутумунун жана улуттук экономиканын туруктуулугуна терс таасирин тийгизип, ишенип берилген участокто көзөмөлдү жоготуу шартында бул чечимдер Президент Садыр Жапаров тарабынан аргасыз чара катары кабыл алынды. Бул чара финансы рыногунун нормалдуу иштешин калыбына келтирүү жана натыйжалуу башкарууга кайтуу үчүн зарыл.

Ошондой эле, Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

236