7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банктын тышкы аудиторун тандоо комиссиянын курамына сунушталгандар

586

Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлигин бекитүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Токтом долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын талапкерлигин көрсөтүлгөн:

Алыбаев Орозбек Артельевич — “Кыргызстан” фракциясы;
Арзыбаев Ныязбек Ирашевич — “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы;
Бешимбаева Айгерим Кабылбековна — “Республика-Ата-Журт” фракциясы;
Жапаров Акылбек Усенбекович — “Бир Бол” фракциясы;
Мамашова Айсулуу Турусбековна — “Ата Мекен” фракциясы;
Осмонова Айнура Шермаматовна — КСДП фракциясы.

587