Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов Жумгал районундагы Баш-Кууганды-Эпкин жолунун учурдагы абалына токтолуп, ишти жасай турган италиялык компания милдеттемесин аткарбаганын белгиледи.
«Эки жыл болду, эч алгылыктуу жумуштар жасалган жок. Жумгал эли тажаганынан жол тосуп чыкты. Андыктан маселени ыкчам чечүү зарыл», — деп кошумчалады.