7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
10°C

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кармалды

385

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери «М.Т.И.» аттуу жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал калктын социалдык жактан аялуу катмарына биринчи кезекте зыян келтирилип, алардын укуктарын чектеген жана жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.

Медицина кызматкерлеринен акча талап кылуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде 20дан ашык фактылар катталган. Аталган жаран практикалык дарыгер болуп туруп, жеке кызыкчылыгын көздөп, бөлүм башчыларына жана дарыгерлерге адам чыдагыс шарттарды түзүп, бейтаптардан системалуу түрдө акча алууга жана ага акча которууга мыйзамсыз мажбурлап, ошондой эле бир жолку реквизицияларды жүргүзгөн.

Мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу боюнча анын ишмердигинин дагы бир өңүтү мамлекеттик сатып алуулар болгон. Тактап айтканда, финансылык-чарбалык иштин аудити айрым медициналык багыттагы буюмдарды ашыкча сатып алуу жана кымбат баалуу дары-дармектерди эсептен чыгаруу фактыларынын бар экендигин көрсөттү.

Алсак, 2022-жылдын октябрь айында иммуномодуляциялоочу дары-дармектер тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү компания ашыкча баада жеткирилген, анын натыйжасында бюджет 36 млн 205 миң 791 сом зыян тарткан.

Мындан тышкары, 2022-жылдын май айында дары-дармектерди ошондой эле, 25 млн 510 миң 700 сомго медициналык кол каптарды сатып алуу үчүн туунду компаниялар менен мыйзамсыз келишим түзүп, бир булактан сатып алуу ыкмасы колдонулган. Муну менен бюджетке 11 миллион 723 миң сом зыян келтирилген.

Белгилей кетсек, стерилдүү эмес медициналык кол каптардын чекене баасы 500 сомдон ашпайт, алар болсо 1200 сомдон, 5 млн 356 миң сомго сатып алган.

Текшерүү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө жана 40 миллион сомдон ашкан зыянды аныктады. Азыркы учурда УКМК тарабынан башка коррупциялык фактыларды, ошондой эле жогоруда аталган схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

386