7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук хирургия борборунда боорду алмаштыруу операциясына даярдык көрүлүүдө

353

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборунда болуп, боор хирургиясы бөлүмүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты, ал жерде боорду трансплантациялоого даярдык иштери жүрүп жатат. Бул үчүн бюджеттен 5 миллион сом бөлүнүп, оңдоо иштерин февраль айынын ортосуна чейин бүтүрүү пландалууда.

«Биз боорду трансплантациялоо операциясын жасаганы жатабыз, бул Улуттук хирургия борборунун базасында ишке ашат. Биз борборду операцияга керектүү эң заманбап жана кымбат баалуу жабдуулар менен жабдыйбыз. Улуттук хирургия борборунун жалпы командасынан жакшы жыйынтыктарды күтөбүз», — деп белгиледи Бейшеналиев.

Иш сапардын жүрүшүндө министр ошондой эле Улуттук хирургия борборунун мыкты адистери керектүү билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алуу үчүн Түркияга стажировкага жиберилерин белгиледи. 12 адистен турган бир бригада – хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана төрт медайым түзүлдү. Биздин адистер акысыз окутуудан өтүшөт, окуу мезгилинде бекер турак-жай жана тамак-аш менен камсыз болушат.

Эскерте кетсек, 12-январда Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын Инөнү университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.

 

 

354