7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук илимдер академиясында коррупциялык схема аныкталды

329

Улуттук илимдер академиясында коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УИАнын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, жеке баюу максатында ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, аларга мыйзамсыз бөлмөлөрдү берип, ижара акысы үчүн өз алдынча акча алышкан.

Учурда, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмдөрүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Андан тышкары, УИАдан өлкөнүн бардык аймагы боюнча 20га жакын объект жеке жана башка менчикке чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтар алынды.

«Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесине ылайык УИАнын мүлкү УИАнын ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик менчик болуп саналат. Мамлекет УИАна негизги жана жүгүртүлүүчү фонддорду, жерди жана башка мүлктөрдү мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга берет. УИАга берилген мамлекеттик мүлк алынып коюлбайт жана башка тараптарга берилбейт.

Ошондой эле, борбор калаанын ортосунда жайгашкан объектилердин бири иш жүзүндө УИАга тиешелүү, бирок укукту белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтери болбогондуктан мыйзамдуу түрдө ээсиз деп табылгандыгы аныкталды.

УКМКнын көмөгү менен керектүү документтерди тариздөө жана алуу үчүн жерди топографиялык сүрөткө тартуу иштери демилгеленди. 13-июнда УИАга жалпы аянты 3,36 га болгон белгиленген жер участогуна менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тапшырылды.

330