7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук университеттин заманбап 16 кабаттуу окуу жана жатакана комплекси курулууда

109

Бүгүн Президенттин тапшырмасынын негизинде Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде курулуп жаткан заманбап 16 кабаттуу окуу жана жатакана комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Президент Садыр Жапаровдун билим берүү тармагына жасаган өзгөчө көңүл буруусу жана камкордугу белгилөөгө арзыйт.

Мамлекет башчысы биринчи күндөн тарта билим берүүнү артыкчылыктуу багыт катары белгилеп, акыркы жылдары өлкө боюнча көп жылдан бери бүтпөй келген бардык мектептердин курулушун ийгиликтүү аяктоону камсыздады.

Каныбек Туманбаев билим берүү инфраструктурасын жаңылоо — өлкөнүн келечеги үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, Президенттин чечкиндүү колдоосу менен бул багыттагы ири долбоорлор активдүү жүрүп жатканын баса белгиледи.

Курулуп жаткан 16 кабаттуу комплексте төмөнкүдөй кеңири мүмкүнчүлүктөр каралган:
• заманбап окуу аудиториялары жана лабораториялар;
• студенттер жана магистранттар үчүн жатакана;
• музей, китепкана жана чоң конференц-зал;
• окутуучулар жана чет элдик адистер үчүн бөлмөлөр;
• обсерватория, оранжерея, спорт жана медицина блоктору;
• кызматкерлердин балдары үчүн атайын бөлмө.

Курулуштун сапаты, коопсуздук талаптары жана долбоордун жүрүшү боюнча Туманбаев подрядчы компаниядан жана тиешелүү структуралардан маалымат алып, айрым маселелерди өз убагында жана тез арада чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

110