Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам катары 100 миң сом берилет. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Жардам майыптарга, катышуучуларга, концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундарына, «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга, жана «Блокадалык Ленинграддын жашоочусуна» белгиси менен сыйланган адамдарга көрсөтүлөт.
Ушул жылы согуштун ардагерлерине Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгын майрамдоого карата бир жолку акчалай жөлөкпулдар берилет.
Жалпысынан Жеңиш күнүнө карата өлкө боюнча 68 адам бир жолку материалдык жардам алышат. Аны төлөөгө 6 миллион 868 миң сом акча каралган.
Белгилей кетсек, бир жолку материалдык жардамды төлөө 9-майга чейин банктык эсептерге которуу жана райондук, шаардык почта бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.