7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуу Британиянын тургуну асыл таштар, тыйындар салынган сандык таап алды

1142

Улуу Британиянын тургуну көл жээгиндеги кумдан тыйындар жана асыл таштар салынган эски сандык таап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 38 жаштагы Женни Фицджеральд үй-бүлөсү менен Норфолк округунда жээкти тазалап жатып, кумга көмүлгөн сандыкты таап алган. Ал күйөөсүн чакырып, укмуштуудай бир нерсе таап алганын айткан, бирок ал ишенбей, жөн гана таштанды экенин айткан. Оор табылганы анын жардамысыз көтөрүп кеткен.

Аял балдары менен сандыктын кумун тиш щеткалар менен тазалашкан. Андан соң, анын ичиндегиге чирип калган түбү аркылуу жетишкен. Ичинде жүзгө жакын тыйын болгон, алар негизинен Виктория жана 18-кылымдын аягында Британияны башкарган король Георг III мезгилине таандык экени маалым болгон. Аялдын айтымында, кээ бир тыйындар орто кылымга жана байыркы Римге таандыктай көрүнгөн. 

Сандыкта баалуу таштар, дат баскан чөнтөк саат, эски атыр бөтөлкөсү, мөөр басылган шакек, Эрнесттин аты чегилген күмүш ширеңке салгыч да болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1143