7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Унаа» мамлекеттик мекемеси окубаган жарандарга күбөлүк бергени аныкталды

707

«Унаа» мамлекеттик мекемесинде жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн квалификациялык экзамендерди тапшырууда туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең учунан сүйлөшүп алышып, айдоочулардын тестирлөөсүнүн автоматташтырылган системага кирүү менен тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан. Натыйжада, айдоочулук мектептерде тиешелүү окуудан өтпөгөн адамдарга айдоочулук күбөлүк берилип жүргөн.

Мындан улам, Ош шаарындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси А.А.М. жана Ош облусу боюнча жетекчиси А.Б.Ж. компьютердик тестирлөөдөн жана практикалык башкаруудан «ийгиликтүү» өткөндүгү үчүн автомектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн 5000 сом өлчөмүндө каражатарды системалуу түрдө алып турган фактылар аныкталган, жыйынтыгында, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу экзаменде эле айдоочулук күбөлүк алышкан.

Белгилей кетсек, мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциянын көрүнүштөрү жөнүндө аларды жоюу боюнча сунуштары менен бир нече жолу маалымдаган
Учурда ушуга окшогон схемаларды «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башка аймактык бөлүмдөрүндө түзүлгөндүгүн аныктоо, ошондой эле бул коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

708