7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаа салыгын төлөй электерге рейд башталды. 2000 сом айып пул бар

1984

Мамлекеттик салык кызматы ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте салык төлөнбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүүдө.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүк үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөөнүн ар бир өткөн күнүнө туум эсептелет.

Салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөн авто ээлерин туумдун эсептелишин болтурбоо үчүн азыр төлөөгө чакырат.

Белгилей кетсек, рейддер салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн да өткөрүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1985