7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаа сатууда салык төлөбөйсүз: Жаңы жеңилдиктер күчүнө кирди

10

Салык кодексине жеңил унааларды сатууда убактылуу салыктык жеңилдиктерди караган  өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Бул өзгөртүүлөр 2025-жылдын 31-декабрындагы президент Садыр Жапаров кол койгон “Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык киргизилди. Алар 2029-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот жана ТЭИ ТН 8703 товар позициясына кирген автомототранспорт каражаттарына тиешелүү.

Тактап айтканда, төмөнкү салык жеңилдиктери каралган:

– жеке жактар тарабынан (катталган жеке ишкерлер жана юридикалык жактардан тышкары) жеңил автомототранспорт каражаттарын сатуу системалуу негизде жүргүзүлгөн ишмердүүлүк деп эсептелбейт. Анын ичинде календардык жыл ичинде экиден көп унаа сатылган учурда;

– жеке жактар тарабынан жеңил автомототранспорт каражаттарын сатууда киреше салыгы салынбайт;

– жеңил автомототранспорт каражаттарын сатууда түшкөн кирешелер пайда салыгынан бошотулат;

– жеңил автомототранспорт каражаттарын жеткирүү (сатуу) кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулат;

– жеңил автомототранспорт каражаттарын сатуудан алынуучу салыктан бошотулат.

Мындан тышкары, жеке жактар (жеке ишкерлерден тышкары) 2026-жылдын 1-январына чейин унааларды сатуудан алган кирешелери боюнча салык, туум жана санкциялардан бошотулат.

Кабыл алынган ченемдер калкка жана ишкердик субъекттерине салыктык жүктү азайтууга, ошондой эле автотранспорт каражаттары рыногундагы операциялардын ачыктыгын стимулдаштырууга багытталган.

11