7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаа уурдап, сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

568

Бишкекте унаа уурдоо жана андан кийин аларды сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалганын ИИМден билдиришти.

Милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын апрель айынын ортосунда белгисиз адамдар баасы 6 миң долларды түзгөн «Хонда Фит» үлгүсүндөгү авто унаасын мыйзамсыз түрдө ээлик кылып алгандыгын билдирген.

Кызматкерлер күмөндүү шартта унаа сатууну көздөп жаткандар тууралуу маалымат алышкан. Маалыматты текшерүү үчүн кызматкерлер кардар катары барышып, белгисиз адамдар аталган унааны алып келгенде база аркылуу текшерип, авто унаа башка аялга таандык экендигин аныкташкан.

Шектүү катары борбор калаанын тургундары жана 2000-жылы туулган жаран кармалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

569