Бүгүн, 26-апрелде Алматы шаарында «Poddubny Wrestling League» эл аралык турнири өтөт.
Турнирдин негизги күрөштөрүнүн бири грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак чениндеги күрөш болмокчу. Килем үстүндө 2 жолку Олимпиада чемпиону жана дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Роман Власов менен учурдагы дүйнөнүн чемпиону жана 2020-жылкы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов беттешет.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Ал эми эки балбандын беттеши кармашы болжол менен саат 23:00дө болот.
Турнирге Кыргызстан, Албания, Болгария, Иран, Куба, Монголия, Россия жана башка өлкөлөрдүн балбандары катышат.
Белгилей кетсек, Роман Акжолду бир жыл мурун беттешке чакырган.
Турнирдин байге фонду 20 миллион рубль.
Посмотреть эту публикацию в Instagram