7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаа жарыш уюштурган 12 айдоочу кармалды

615

Бишкек — “Манас” аэропорту жолунда унаа жарыш уюштурган 12 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандардын арасында автобейбаштык жасаган жана кызматкерди сүзүп кете жаздаган унаанын айдоочусу дагы бар.

“Кармалган 12 айдоочунун ар бирине 15 миң сомдон айып салуу менен унаасы айып короо жайына киргизилди. Ал эми айдоочулар андан ары тийиштү чара көрүү үчүн тергөө кызматтарына жеткирилүүдө”, — деп берилет маалыматта.

Эске салсак, 4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү жолдо унаа жарыш уюштурурган. Андан кийин жол эрежесин бузууга аракет кылган унаалардын баары изделип жатканы айтылган.

616