7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаа жарышын уюштурган бейбаштар кармалды

1109

Жалал-Абадда унаабейбаштык менен алектенген топтун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Аталган топ ири суммадагы акча ойнотулган мыйзамсыз көчө жарышын системалуу түрдө өткөрүп келишкен. Ошол эле учурда унаабейбаштар коомдук тартипти жана жарандардын бейпилдигин одоно бузуп, жол кыймылына коркунуч туудурган көп сандаган өзгөчө кырдаалдарды жаратып, бир нече ирет жол кырсыктары катталган. Мына ушундай жарыштардын учурунда Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосу бузулган. Натыйжада, 2023-жылдын 2-июнунда Сузак районунун аймагында дагы бир жолу мыйзамсыз унаажарыш өткөрүү аракети токтотулуп, 34 адамдан турган топ жана 16 унаа кармалган. Бардык унаалар Жалал-Абад облусунун ИИБнын айыптоочу жайына жайгаштырылып, мыйзамсыз жарыштын катышуучуларына тиешелүү профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, административдик айып салынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1110