7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Унаага салып барып, сабап…» Чүйдө адам уурдоого шектүүлөр кармалды

956

Чүйдө адам уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Бишкектеги ооруканадан 37 жаштагы кишинин сабалган, эс-учун жоготкон абалда түшкөнүн билдиришкен. Кийинчерээк ал киши өзүнө келип, милицияга кайрылган. Анын айтымында, 21-мартта аны Москва районундагы айылдан уурдап кетишкен. Жабырлануучу аларды таанычу эмес, алар аны унаага салып, Сокулук районуна алып кетишкен. Ал жерден күч менен кармап, сабашкан.

Ал бир күн жакындары менен байланыша алган эмес, качан гана бошотушканда чалууга мүмкүнчүлүгү болгон. Ошондон кийин ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары, уурдагандар анын «ВАЗ-21099» үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, айдап кетишкен. 

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 30 жана 25 жаштагы жарандар кармалып, камакка алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

957