7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Уста» базарынын коммерциялык директору кармалды

504

УКМК тарабынан Бишкектеги курулуш материалдарын саткан «Уста» базарында ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында ар бир ижарачыдан ай сайын мыйзамсыз түрдө 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча каражатын чогултуп жүргөн базардын коммерциялык директору кармалды.

«Ижара төлөмдөрүн 30% кыскартуу боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан, администрация кирешесинин азайышына жол бербөө жана салыктарды төлөөдөн качуунун максатында арендалык келишимдерде каралбаган кошумча акча каражаттарды алдамчылык жана мыйзамсыз түрдө ижарачылардан алууну уланткан. Ошол эле учурда базардын администрациясы жеке ижарачылар менен ижара келишимин түзгөн эмес. Бул кылмыштуу аракеттери менен базар жетекчилиги ижарачылардан чогултулган акча каражаттарын мыйзамсыз чогулткан жана мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качкан»,- деп берилет маалыматта.

Ыкчам иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 2024-жылдын 7-январында «УСТА Билдинг» ЖЧКсынын коммерциялык директору «М.М.М.» кармалды жана Бишкек шаарынын ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

505