7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УТРК менен DW адистерди окутуп, контент алмашат

753

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаев Германияга болгон иш сапарынын алкагында Дойче Вил (Немис толкуну) эл аралык медиа корпорациясынын жетекчилиги менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Атап айта турган болсок, Deutsche Welle эл аралык медиасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгында контент алмашуу, кадрларды окутуу маселеси каралды. DW медиа уюмунун КМШ өлкөлөрү боюнча таркатуу бөлүмүнүн башчысы Борис Банчевский менен көрсөтүүлөрдү алмашуу, сапаттуу контент сунуштоо багытында макулдашуу болду.

Ошондой эле DW академиясынын жетекчиси Лидия Ранерт менен кадрларды окутуу, адистерди жиберүү, тажрыйба алмашуу тууралуу сүйлөшүлдү. Тараптар мерчемделген иш чараларды жакынкы аралыкта жүзөгө ашырууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

754