7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уу коргошунга уулангандардын учурдагы абалы айтылды

533

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги уу коргошунга уулангандардын абалын маалымдады.

Маалыматка ылайык, учурда алар Бишкектеги стационарларда дарыланып жатышат. Баарынын абалы жакшы жана туруктуу.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-апрелде Бишкек травматология жана ортомедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө уу коргошунга ууланган деген шек менен 1950-жылы туулган О.К. жана 1955-жылы туулган С.Т. оор абалда түшкөн.

Бейтаптардын айтымында, дары катары тундурманы узак убакыттан бери колдонуп келишкен жана кечээ анын дозасын көбөйтүшкөн. Тиешелүү дарылоодон кийин алардын жүрөк-кан тамырларынын иштеши кабылына келип, абалы турукташкан, азыр интенсивдүү терапия уланууда.

Ошондой эле, 20-апрель күнү “Таз жардам” кызматы менен Кардиология жана терапия улуттук борборуна 1958-жылы туулган А.Д. оор абалда жеткирилген. Ага алдын ала “Белгисиз затка ууланган” деген диогноз коюлган. Бейтапты дарылоодон кийин жүрөктүн согушу жана дем алуу калыбына келген. Азыркы учурда абалы туруктуу.

Учурда Республикалык сот-медициналык экспертиза борборунда ууланууну аныктоо максатында лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, министр Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелде коронавирус илдетине каршы уу коргошун колдонууну түз эфирде сунуштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

534