Буга чейин социалдык тармактарда жол боюндагы мамыга байланган кишинин видеосу тараган. Анын Ак-Ордо конушунда уурулук кылганы айтылат. Окуя боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалымат берди. Анда айтылгандай, 20-июнда Сокулук РИИБге саат 16:00 чамасында жергиликтүү тургундар уурулук кылган делген кишини кармап алганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция Ак-Ордо конушунда тургундар телефон жана башка буюмдарды уурдап алган делген кишини мамыга байлап койгонун аныктаган. Аталган факты РИИБге каттоого алынды. Бардык жагдайларды териштирүү үчүн милициянын бөлүмүнө 1965-жылы туулган жаран жеткирилди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.