7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Уят сөз менен тилденбе». Жети-Өгүздө мектеп директору 9-класстын окуучусун башка чаап жиберген

2711

Ысык-Көлдө мектептин директору окуучуну башка чаап жиберген. Бул тууралуу 7-каналга Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-март күнү Жети-Өгүз РИИБге райондук ооруканадан кабар түшкөн. Анда 2006-жылы туулган бала денесинен жаракат алып түшкөнү кабарланган. Аталган маалымат райондук милициянын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ошол эле күнү Дархан айылынын орто мектебинде 9-класстар арасында КВН жана спорт мелдеши жүргөнү, спорт мелдешинде аркан тартыш болуп жатканда директор окуучуну «эмнеге уят сөздөр менен тилденип жатасын деп» башка чаап жибергени аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы менен тийиштүү юридикалык баа берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2712